• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Роскомнадзор 24.kg жаңылыктарына бөгөт койгону кабарланды

14 Аяк оона 202315:07 Бишкек Govori.TV

Роскомнадзор 24.kg маалымат агенттигинин жаңылыктар лентасына бөгөт койду. Бул тууралуу аталган басылмадан билдиришти.

Маалыматта Роскомнадзордун агенттиктин жаңылыктар лентасына бөгөт койгону 13-сентябрда Орусиядагы окурмандар сайтты ача албай жатканын айткандан кийин белгилүү болгон.

24.kg басылмасынын жазганына караганда, өткөн жылы күзүндө Роскомнадзордон айрым кабарларды өчүрүүнү талап кылган бир нече кат келген. Ал кыска кабарлардын бардыгы Украинадагы кырдаалга байланыштуу. 24.kg Кыргызстандын мыйзамдары бузулбаганын белгилеп, кабарларды өчүрүүдөн баш тарткан.

Роскомнадзордун сайтында 24.kg сайтына кирүү чектелгени айтылат. Бирок окурмандардын айтымында, бул ресурстун айрым баракчалары эмес, бүтүндөй сайт бөгөттөлгөн.

2023-жылдын жарымында эле Роскомнадзор Орусияда 885 миңден ашык сайтты бөгөттөгөн. Андан тышкары миллиондон ашуун макалага өзүнчө бөгөт коюлган. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 85% көп экенин «Коммерсант» басылмасы жазган.

Количество просмотров: 72