• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Роскомнадзор “Настоящее Время” телеканалынын сайтын жапты

28 Бирдин айы 2022 17:57 Бишкек Govori.TV

Орусиянын Роскомнадзор мамлекеттик мекемеси “Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясынын долбоору – “Настоящее Время” телеканалынын сайтын расмий түрдө бөгөттөдү.

Бир күн мурун мекеме телеканалдан Орусиянын Украинага карата чабуулу жөнүндө маалыматтарын өчүрүп салууну талап кылган.

“Эркин Европа/Азаттык радиосунун” президенти Жейми Флай “муну Путиндин Украинага каршы кылмыштуу согушу жөнүндө чындыктарды жашыруу аракети” катары баалап, холдинг бул талаптарды аткарбай турганын билдирген.

“Настоящее Время” телеканалынын сайты currenttime.tv деп аталат. Бөгөттөөдөн кийин Орусиядагы окурмандар ага VPN аркылуу кирип турса болот.

Роскомнадзор мурдараак “Новая газета”, “Медиазона”, “Дождь” жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан Украинадагы окуяны “согуш” деп атаган материалдарын өчүрүүнү талап кылган. Бул сайттарга азырынча чара көрүлө элек.

Булак: «Азаттык»

Количество просмотров: 60