• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Россияда ташталган наристелерди эми Кыргызстан бага алабы?

30 Тогуздун айы 2018 18:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.10.2018.Govori.TV.

7 айлык эки эгиз ымыркайлардын 38  жаштагы энеси  алардан төрөт үйүнөн эле баш тартып, таштап кеткен. Орусиядан алынып келинген эгиздер балдар үйүнө жайгаштырылган.
Алар менен чогуу ата-энесинин камкордугунан ажырап дагы эки наристе мекенине алынып келинген.
Учурда Социалдык өнүктүрүү министрлиги наристелердин жакындары менен жашап калышы үчүн аракеттерди көрүүдө.
Туугандары табылбай калса бул эгиздер башка ымыркайлар менен жетимдер үйлөрүнө бөлүнөт же асырап алууга даяр үй-бүлөлөргө берилет.
Быйыл эле өлкөгө ата-энеси баш тарткан 10 бала алынып келинген.

 

Количество просмотров: 42