• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россия 9 мектептин директорун өзү дайындап, мугалимдердин айлыгын да өзү төлөйт

14 Тогуздун айы 202421:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитетинде Кыргызстанда Россия кура турган тогуз мектеп боюнча макулдашууну ратификациялоо каралды.

Тогуз мектеп Кыргызстандын бардык облустарында курулат. Мектеп 1240 окуучуга эсептелип, анда бассейн, чоң зал, эки компьютердик класс, 600 жүз адам сыя турган ашкана, эки китепкана, лабораториялык комплекс жана тигүүчүлүк жайлары болуп, булардын бардыгы 3 гектар жерге жайгашаары маалым болду.

Мектептерди куруу иштери эки жарым, үч жылда аяктап, алардын жалпы наркы 30 млн. доллар болоору болжонуп жатат.

Эң кызыгы мектептерде сабактар орус тилинде жүрүп, кыргыз тили менен адабияты гана кыргызча болот экен. Депутаттар тил боюнча тең салмакты кармоо зарылдыгын эскертишти эле, келечекте балким окуу кыргыз тилинде да болушу ыктымал экендиги айтылды.

Бул мектептерде иштей турган мугалимдердин 30 пайызы Россиядан келип, тогуз мектептин директору тең орус тараптан дайындалат экен. Мугалимдердин айлыгын да Россия тарап төлөйт дешти.

Количество просмотров: 587