• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Россия АКШга Кыргызстандагы аскер базасын бирге пайдаланууну сунуштады

18 Теке 2021 12:06 Бишкек Govori.TV

АКШ Борбор Азияда кайрадан калыптанып калбашы үчүн Москва Вашингтонго сунуш киргизди. Тактап айтканда, Афганистандагы абалды көзөмөлдөө үчүн Тажикстан менен Кыргызстандагы аскер базасын чогуу колдонууну сунуштады. Бул тууралуу Россиянын «Коммерсант» гезити жазды.

Буга чейин АКШ Борбор Азияда аскер базасын жайгаштырууну көздөп жатканы айтылган.
«Булактардын маалыматына караганда, 16-июнда Женевада өткөн саммитте Владимир Путин Жо Байденге Афганистандагы иш-аракеттерин чогуу жүргүзүү үчүн Россиянын Тажикстан менен Кыргызстандагы аскер базаларын бирге пайдаланууну сунуштады. Бирок Кремль бул маалымат боюнча «Коммерсант» гезитине расмий түрдө жооп бере элек», — деп айтылат маалыматта.

«Сөз маалымат менен алмашуу, анын ичинде дрондон алынган маалыматтарды бирге пайдалануу тууралуу болушу мүмкүн. Эгерде АКШнын максаты – Афганистандагы абалды көзөмөлдөө болсо, анда мындай сунушту кабыл алышмак. Бирок азырынча алар так жооп берише элек. Бул кадам балким алардын максаты башка деген ойго түртөт», — деди «Коммерсант» гезитинин бир булагы.

Афганистандагы абал талкууланган Ташкенттеги конференцияда АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад «Коммерсант» гезитине Россиянын аталган сунушу боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты.

Количество просмотров: 131