Орусияда соңку бир күндүн ичинде COVID-19 жуккан дагы 10 899 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын саны 232 миңден ашты жана мындай көрсөткүч менен Орусия АКШдан кийинки эле экинчи өлкө болуп калды. Акыркы бир күндүн ичинде бул өлкөдө сөз болуп жаткан илдеттен 107 адам жан берди, ооругандардын жалпы саны 2116 миң киши болду. Жалпысынан 43,5 миңдей киши айыкты.
Президент Владимир Путин 11-майда Орусияда жалпы иш эмес күндөрдүн мөөнөтү мындан ары узарбай турганын айткан жана карантин чараларын жумшартууга байланыштуу ар бир аймактын бийлиги өз алдынча чечим кабыл аларын билдирген.