• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Россия куруп бере турчу 9 мектептин үчөө жакын арада салына баштайт

19 Баш оона 202413:26 Бишкек Govori.TV

Россия куруп бере турган тогуз мектептин үчөө жакын арада салына баштайт. Бул тууралуу Россия президентинин иш башкармалыгынын чет өлкөлөр менен аймактар аралык жана маданий байланыштар боюнча башчысынын орун басары Антон Рыбаков билдирди.

Анын айтымында, мектептердин курулушуна капсуланы былтыр эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Владимир Путин салган.

«Алаканы өнүктүрүү, жаңы деңгээлге чыгаруу маселелери эки өлкө лидерлери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун талкуусунун негизги өзөгү болуп келет. Биздин алдыңкы долбоорлорубуздун бири — орус тилинде окуткан тогуз мектеп куруу. Жакын арада Баткен, Каракол жана Бишкекте мектептердин курулушу башталат», — дейт ал.

Количество просмотров: 76