Орусия Кыргызстан, Казакстан, Беларусия жана Түштүк Кореяга болгон аба каттамдарын жандантат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабы билдиргенин орусиялык басылмалар жазды.
21-сентябрдан баштап аба каттамдары Казакстанга (Нур-Султан), Кыргызстанга (Бишкек) жана Белоруссияга (Минск) жүргүзүлүп баштайт. Ал эми 27-сентябрдан баштап Россия–Түштүк Корея аба каттамы иштеп баштайт.
Азырынча бул рейстер жумасына бир жолу аткарылары айтылууда.
Белгилей Орусия менен болгон туруктуу аба каттамдары коронавирустун жайылуу коркунучунан улам ушул жылдын жаз мезигилинде токтотулган.