• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россия Кыргызстанда башаламандык уюштуруп, бийликти басып алгысы келгендер боюнча кабардар

14 Жетинин айы 202415:15 Бишкек Govori.TV

Россия президенти В. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 12-ноябрда КР ИИМ тарабынан кармалган атайын топтун массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга жасаган аракети тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралу «КоммерсантЪ» жазып чыкты.

Анын айтымында, орус күч органдары бул тууралуу билишет, себеби туруктуу байланыштар болуп турат.

12-ноябрь күнү кечинде КР ИИМи бир нече адамдан турган топ атайын даярдык көрүп, спорттук оюндарды өткөрүүнүн арты менен өлкөдө массалык башаламандык уюштуруп, бийликти күч менен басып алууга даярданып жаткан адамдарды колго түшүргөнү тууралуу маалымат тараткан.

Алардын арасында уюштуруучу катары Башкы прокурордун мурдагы орун басары жана башка бир нече жарандар болгон. Топтун мүчөлөрү 2025-жылдын 10-январына чейин тергөө камагына алынып, бул иш боюнча тергөө иштери башталганы да айтылган.

Количество просмотров: 360