Социалдык тармактарга “75чилердин каты” боюнча сурак берип жаткандардын, анын ичинде Камчыбек Ташиевдин видеосунун тарап кетиши боюнча Ички иштер министрлиги түшүндүрмө берди.
ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Султан Макилов билдиргендей, ал материалдар ачык булактарга кандай жол менен чыгып кеткени белгисиз.
“Сот процесси ачык өтүп, иш боюнча маалыматтар коомчулукка жеткиликтүү болду. Бул айыпталуучулардын өздөрү процесстин максималдуу ачык болушун талап кылгандыктан ишке ашкан. Ал эми тергөө учурунда тартылган видеолордун соцтармактарга тарашын атайын уюштурулган акция же саясий максатты көздөгөн аракет катары баалабайбыз. Бул маселеге саясий өңүт бербөө керек деп эсептейбиз. Тергөө маалында видеоматериалдар тергөөчүнүн чечими менен тартылышы мүмкүн”, — деди Макилов.