Ички иштер министрлиги акыркы убакта өлкөдө алдамчылык фактылары көбөйүп жаткандыгын билдирип, жарандарды сак болууга чакырат.
Ведомствонун маалыматына ылайык, шылуундар жарандардын ишенимине кирип, төмөндөгүдөй убадалар менен ири суммадагы акчаларды ээлеп алышууда:
Буга байланыштуу ИИМ жарандарга анча тааныш эмес адамдарга акча бербөө, күмөн жараткан сунуштарга макул болбоо жана келишим түзүүдөн мурун ортомчулардын документтерин, ишенимдүүлүгүн кылдат текшерүүнү сунуштайт.
«Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз же ушундай фактыларга туш болсоңуз, дароо ички иштер органдарына (102 кызматына) кайрылыңыз. Сактык чараларын сактоо материалдык чыгымга учуроодон коргойт», — деп айтылат маалыматта.