Ички иштер министрлиги (ИИМ) Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун кармалышы боюнча комментарий берди.
Маалыматта айтылгандай, Кыргыз Республикасынын аймагында жана Россия Федерациясынын Свердлов облусунда бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган деп шектелген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыштуу коомчулуктун дагы бир болжолдуу катышуучусу аныкталып, кармалды.
«Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 1981-жылы туулган Т.Д. аттуу жарандын аталган уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталды. Бул кылмыш ишинин алкагында Т.Д. башкарган «Toyota Prius» үлгүсүндөгү автоунаага кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлдү. Унаанын ичин кароо учурунда жалпы салмагы болжол менен 5 грамм болгон, психотроптук зат деп болжолдонгон зат табылып, алынган. Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгында Т.Д.га Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча айыбы угузулган. Айыпталуучуга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды», — деп билдирет ИИМ.
Учурда кылмыш ишинин бардык жагдайларын аныктоого, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун башка катышуучуларын белгилөөгө, ошондой эле алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жогун текшерүүгө багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Эске салсак, Дүйшөн Төрөкулов Жогорку Кеңештин VI чакырылышда депутат болгон. Ал 2021-жылы январь айында УКМК тарабынан кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган. Ошол эле жылдын март айында үй камагына чыккан. Ал иши эмне болуп бүткөнү белгисиз.