• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Россия Кыргызстанга электр энергия экспорттой баштады

18 Чын куран 2023 16:18 Бишкек Govori.TV

Орусиянын “Интер РАО” компаниясы Казакстандын энергосистемасы аркылуу Кыргызстанга электр энергиясын экспорттой баштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар аталган компанияга таянуу менен кабарлашты.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, электр энергияны берүүнүн суткалык көлөмү 3,6-5,3 млн кВт саатты түзөт.

“Учурда саатына 400 МВтка чейин жеткирилүүдө. Электр энергиясын берүүнүн суткалык көлөмү Казакстандын электр тармактарынын кубаттуулугуна жараша болот. Электр энергияны жеткирүү сутка сайын транзиттик компания менен макулдашылат. Бүгүнкү күндө оперативдүү маалыматтар боюнча, Россиядан электр энергияны импорттоо 9,2 млн кВт саатты түздү”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Интер РАО” компаниясы менен “Электр станциялары” ААКсы 2023-жылдын мартынан 2024-жылдын мартына чейинки мезгилге 873,9 млн кВт саат электр энергиясын, анын ичинде 2024-жылдын 1-кварталында 313 млн кВт саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан.

Количество просмотров: 42