• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россия Мамдумасы Башар Асадга орус жарандыгын берүүнү айтып чыкты

10 Бештин айы 202411:30 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Мамдуманын депутаты Алексей Журавлев сунуш кылды. Анын айтымында, буга чейин орус жарандыгын Украинанын мурдагы президенти Янукович алгандыгын, азыр бардыгына жаман көрүнүп жатса да, Асадга жарандыкты берүүгө болорун, кантсе да ал Россия үчүн көп нерсе жасагандыгын айтты.

Financial Timesтын маалыматы боюнча, Башар Асаддын туугандары 2019-жылдан тарта эле «Москва-Ситиден» 40 млн долларга 19 апартамент сатып алган. Башар Асаддын бир тууганы Хафиз Маклуф 13 апартаментке ээлик кылса, эки ата өтүшкөн бир тууганынын аялы эки квартиранын менчик ээси болуп саналат.

Мындан тышкары «Город столиц» комплексинен 18 апартамент, «Федерация» мунарасынан да менчик турак-жайлары бар. Алган апартаменттеринин аянты 102 чарчы метрден 1243 чарчы метрге чейин жетет.

Количество просмотров: 181