• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Россия «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат

25 Бугу 2021 9:19 Бишкек Govori.TV

Россия коронавируска каршы «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү мүмкүндүгүн караштырып жатат. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.

Өз сөзүндө Путин өлкө мындан ары да коронавируска каршы күрөшүүдө Кыргызстанга жардам бере турганын белгиледи.

«Орусия Кыргызстанга тест-системаларды, антивирустук дарыларды жана вакциналарды жеткирүүдө жардам берип келген жана мындан ары да жардам берет. Азыр биздин адистер «Спутник V» вакцинасын Кыргызстанда өндүрүү маселесин изилдеп жатышат», — деди Путин.

22-апрелде Бишкекке Орусиянын «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозадан турган алгачкы партиясы жеткирилген. Алардын 15 миңи 10 доллардан саталып алынса, 5 миңи гуманитардык жардам катары келген. Мындан тышкары жакында бул вакцинанын дагы 100 миң дозасы келет деп күтүлүп жатканы кабарланган.

Количество просмотров: 88