• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россия виза режимин киргизеби?

17 Бештин айы 202411:05 Бишкек Govori.TV

Россия Мамдумасынын депутаты, «Справедливая Россия — За правду» фракциясынын жетекчиси Сергей Миронов мигранттар тууралуу жеке пикирин социалдык тармактарга жазып билдирген.

Ал «Жакшы мигранттар ушундай болуш керек! Алар өздөрүн алыска алып кетүүчү самолетко катары менен баратышат. Миграциялык саясаттын катаалдаганынын алгачкы жыйынтыгы. Мындан ары да ушундай болот. Биз буга чейин көптөгөн мигранттарга каршы мыйзамдарды кабыл алдык. Кийинки кадам — Орто Азия өлкөлөрү менен визалык режим! Бул абдан зарыл!» деп билдирген.

Эске салсак, быйылкы 2024-жыл ичинде эле Россияда миграцияны катаалдатуу боюнча 13 мыйзам долбоору кабыл алынды.

С. Мироновдун бул жазганына караганда, келечекте чындап визалык режим күтүп тургандай.

Количество просмотров: 115