• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россияда 22 жаштагы кыргызстандык кармалган

14 Теке 20259:02 Бишкек Govori.TV

Россиянын Каллининград шаарында 22 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал террордук уюмдун ишине катышууга чакырык жасоого шектелип кармалган.

ТИМ жарандын кармалуу жагдайларын тактоо жана мүмкүн болгон консулдук-укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргызстандын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугуна тиешелүү иштерди жүргүзүү боюнча тапшырма берилгенинин билдирди.

Ошондой эле министрлик бул маселени көзөмөлгө алып, толук маалымат келип түшкөндө кошумча кабарлайт.

Количество просмотров: 129