• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Россияда чартердик тизмеге киргизебиз деп кыргыздарды алдап жүргөндөр кармалды

4 Баш оона 2020 17:52 Бишкек Govori.TV

Россияда кыргыздарды чартердик каттамдардын тизмесине кензексиз киргизебиз деп алдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июль күнү ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө Баткен облусунун тургуну (1994-жылы туулган) А.Д. арыз менен кайрылган. Ал 17-июль күнү Москва шаарындагы консулдук бөлүмгө чартердик каттамдарга тизмеге кирүү үчүн арыз менен кайрылган. Кезекте турганда бланктарды таратып жаткан жигит менен таанышып калып, ал элчилик тарабынан уюштурулуп жаткан чартердик каттам менен учуу үчүн кезексиз тизмеге киргизүүгө жардам бере турганын убадалаган. Бирок сый акысын алдын ала алгандан кийин качып кеткен.

Бул факты боюнча иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында аталган адамдын аты жөнү такталып, ал Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну экени аныкталган. 

Ушундай эле алдамчылыкка кабылышканын айтып, Ош облусунун 22 жана 34 жаштагы тургундары кайрылышкан. Алар белгисиз кыз WhatsApp аркылуу өзүн элчиликтин кызматкеримин деп тааныштырып, Кыргызстанга учуп кетүүгө жардам берем деп алардан 60 миң рублга жакын акча алганын айтышкан. 

Бул факты боюнча да иликтөө жүргүзүлүп,  Аксы районунун 23 жаштагы тургуну кармалган. 

Учурда алдамчылыкка айыпталган жаткан кыргыз жарандары, убактылуу кармоочу жайга киргизилип, баш коргоо чарасы каралууда.

Бул окуяларга байланыштуу элчилик жарандарды алдамчыларга ишенбөөгө чакырат. Акча талап кылган окуяларга туш болгон жарандар Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө [email protected] электрондук почта же +7 (926) 890-87-00 ишеним телефон номуру аркылуу кайрылса болот.

Количество просмотров: 267