• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Россияда «чет өлкөлүк агенттерге» киреше табууга тыюу салды

28 Бештин айы 202420:23 Бишкек Govori.TV

Россиянын президенти Владимир Путин «чет өлкөлүк агенттер» тизмесине кирген жарандарга өлкө аймагында пассивдүү киреше алууга тыюу салган мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Азаттык жазып чыкты.

Мыйзам «чет өлкөлүк агенттердин» тизмесине кирген жарандарга дивиденд, автордук укук, мүлктү ижарага берүү аркылуу киреше табууга тыюу салат. Мындан тышкары чектөөлөр кыймылсыз мүлк жана транспорттук каражаттарды сатуудан түшкөн кирешеге да тиешелүү.

Мыйзамга ылайык, бул жактардан түшкөн киреше атайын эсепке түшөт да, акча ээсине ал «чет өлкөлүк агенттердин» тизмесинен чыгарылгандан кийин гана берилет. Россиянын мыйзамдары агенттердин тизмесине адамдарды оңой эле киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет, ал эми андан чыккан учурлар өтө сейрек.

Бул мыйзамдын автору болуп Мамлекеттик думанын 450 депутатынын 429у белгиленген.

Укук коргоочу уюмдар Россиянын «Чет өлкөлүк агенттер» тууралуу мыйзамын адам укугуна каршы келет деп сындашкан.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары «чет элдик өкүл» мыйзамын Россия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз карандысыз институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган.

Россия бийлиги мунун баарын четке кагып, «чет өлкөлүк агенттердин» тизмесин жана ага жарандарды киргизүү шарттарын кеңейтүүнүн үстүндө иштеп келет.

Количество просмотров: 257