• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Россияда рак илдетине каршы жаңы дары жасалды

11 Бирдин айы 2019 10:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.02.2019.Govori.TV.

Россиялык окумуштуулар ракты дарылай турган жаңы дары ойлоп табышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, бул каражат залалдуу шишикти иммунотерапия жолу менен дарылоого жардам берет.

Иммунотерапия — онкологиялык ооруларды дарылоонун жаңы ыкмасы. Мындай ачылыш жасаган АКШлык жана япониялык окумуштуулар 2018-жылы Нобель сыйлыгына татыган.

«2019-жылы каттоодон өткөрүлөт деп турган бул каражат Америка менен Япониянын окумуштуулары тарабынан ойлоп табылган. Препарат нобель сыйлыгына татыгын башка дарылардын аналогу эмес. Тескерисинче, андан дагы күчтүүрөөк, жаңыраак десем болот», — деди Россиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин иммунологу Алексей Новик.

Анын айтымында, бул дары рак илдетин дарылоону бир топ жеткиликтүү кылып, көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап калууга шарт түзөт.

Количество просмотров: 24