• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кытайдан дарылар алынып келинди

25 Теке 2020 10:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарына коронавирус инфекциясын дарылоого колдонулуучу дары-дармектер менен жүк жеткирилди.

Антикоагулянттар эноксапарин жана нандропарин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин аракеттешүүсү аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатып алынган. 

Көрсөтүлгөн дарылар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүп берилди жана COVID-19га чалдыккандар дарыланган медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт. 

Саламаттык сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде вирустуу инфекциянын калк арасында жайылуусуна карата запас түзүү үчүн дары каражаттарын сатып алышат.

Количество просмотров: 67