• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Россияда ымыркайын сатууга аракет жасаган кыргызстандык камалды

19 Бирдин айы 2020 11:04 Бишкек Govori.TV

Россияда сот Кыргызстандын 24 жаштагы жаранын (аял киши) 4,5 жылга эркинен ажыратты. Ал жаңы төрөлгөн кызын сатууга аракет жасаганын Москванын прокуратурасынын сайтында жарыяланган маалыматта айтылат.

Соттун чечими 17-февралда чыккан. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал туруктуу бир адам менен жашаган эмес. 2015-жылы уул бала төрөп, Татарстандын Альметьевск шаарында жашап жаткан. 2017-жылы материалдык абалы начар болгондктан төрө элек кызын сатууну чечкен. Ал бул тууралуу социалдык тармакка жарыялаган.

«Бала багып алууну каалагандар аталган келиндин талаптарына, тактап айтканда аны Москва шаарына көчүрүп келүүгө, төрөткө кеткен каржатты төлөп берүүгө, тиешелүү документтерди жол-жоболоштурууга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле акча каражатын берүүгө макул болушкан», — деп айтылат маалыматта.

24 жаштагы келин көз жара электе макулдашкан адамдар менен байланышты үзүп, кызын өзү тарбиялоону чечкен. Бирок 1,5 жылдан кийин кайрадан кош бойлуу болуп, 2019-жылы январь айында баласына ата-эне издеп жатканы тууралуу социалдык тармакка жарыялаган. Ал баласын 1 млн рублга сатууга макул болгон. Бирок «кардар» ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында дайындалган. Келин менен «кардар» макулдашып, жаш келин Москвага көчүп келген.

«Ал көз жарып, жаңы төрөлгөн кызы менен ижарага алынган батирде жашап жаткан. Бир айдан кийин кызын жаңы ата-энеге өткөрүп берүүгө макул экени боюнча тил кат жазып берип, 1 млн рубль алгандан кийин колго түштү», — деп айтылат маалыматта.

Соттолгон келиндин 3 баласын таенеси тарбиялап жатат, абалы жакшы.

Булак: АКИпресс

Количество просмотров: 210