• Бейшемби 7 Бештин айы 2023
  • Четверг 7 Декабрь 2023

Россиядагы абалдан улам элчилик кыргызстандыктарды эскертет

24 июня 2023 в 23:12 Бишкек Govori.TV

Россиянын Украина менен чектеш аймактарында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жарандарды бул аймактарга баруудан карманууну өтүнөт.

“Ошондой эле, аталган аймактарда жашаган жарандарды зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигине дароо кайрылууга чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин түз байланыш телефондору: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.

Количество просмотров: 379