• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Россиядагы мигранттар 15-июнга чейин патентке акча төлөөдөн бошотулду

22 Чын куран 2020 17:59 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөрдө Россия Ички иштер министрлигинин (ИИМ) мигранттарга жеңилдик берүү тууралуу президенттин жарлыгын түшүндүрүү боюнча методикалык көрсөтмөсүнүн сүрөтү жарыяланды. Бул тууралуу centralasian.org сайты жазып чыкты.

ИИМ башчысынын биринчи орун басары Александр Горовой кол койгон документ мекемеге караштуу бардык башкармалыктардын, департаменттердин жана уюмдардын башчыларына жеке колдонуу үчүн жиберилген.

Көрсөтмөдө Россияда патент менен иштеген мигранттар 15-июнга чейин ай сайын бул документ үчүн акча төлөөдөн бошотулары белгиленген. Мындан тышкары Россияда жүргөн чет өлкөлүктөр иштөөгө уруксат берүүчү документтери жок болсо да, 15-июнга чейин жумушка орношуп, иштей алары жазылган.

18-апрелде Россиянын президенти Владимир Путин COVID-19 вирусунун жайылып жаткандыгына байланыштуу чет өлкөлүктөргө жеңилдик берүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Бирок анда эмгек мигранттарын патент үчүн төлөмдөн бошотуу тууралуу так айтылган эмес, мындан улам мигранттардын арасында түрдүү талкуулар жаралган.

Количество просмотров: 87