Россиядагы жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин авиабилеттердин баасы көтөрүлүп, а түгүл жок калып жатканы тууралуу маалыматтар жазылууда.
Маалыматтар боюнча эң көп талап кылынган авиабилеттер Стамбул, Ереван жана Тбилиси багыты боюнча болууда.Кабарлангандай, Москвадан бир кишиге билет баасы 150 миң рублду чапчыган.
Ошол менен катар эле Россиядан Кыргызстанга учуу билеттеринин да баасы өскөнү тууралуу маалыматтар соцтармакта айтылууда.
Ал эми билет саткан компаниялардын сайттарында Москвадан Бишкекке түз каттам билетинин баасы мурункудан көтөрүлгөнүн көрүүгө болот. Бирок,ошол эле сайттарда мындай кийинки күндөгө карата баа төмөнүрөөк көрсөтүлгөн.

Россиянын президенти Владимир Путин Россия Федерациясына жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгонун билдирди.
Мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат. Жарлыкта мамлекеттик коргонуу заказын аткаруу боюнча кошумча чаралар каралган.
Президенттин жарлыгына ылайык, аскердик кызматка запастагы, биринчи кезекте куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар гана өтүшөт.