• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Россиядан импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк жана товарларды ташуу мурдагыдай эле ишке ашат

16 Жалган куран 2020 18:34 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүдө коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу маселе, анын таркашына жол бербөө боюнча кабыл алынып жаткан чаралар талкууланды.

Тараптар координациянын жана биргелешип аракеттенүүнун маанилүүлүгүн белгилешип, ошондой эле зарыл маалыматтарды ыкчам алмашуу жана тиешелүү жардамдарды берүү тууралуу макулдашышты.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө ошондой эле Россия Федерациясынан импорттолуучу күйүүчү-май, азык-түлүк  жана товарларды ташуу мурдагыдай тартипте жүзөгө ашырылып жатканы белгиленди.

Количество просмотров: 217