• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Россиядан Кыргызстанга буудай алынып келинди

23 Чын куран 2020 14:41 Бишкек Govori.TV

Россия Федерациясынан келишимдик негизде сатып алынган буудайдын экинчи партиясы Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул жолу 11 вагон – 760 тонна дан эгини алынып келинди. Жакынкы күндөрү өлкө аймагына дагы 53 вагон буудай жеткирилет.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Россия Федерациясындагы азык-түлүк корпорациясы менен 33 миң тонна буудай сатып алуу боюнча келишимге кол койгон. Бүгүнкү күндө анын 1800 тоннага жакыны келди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында сатып алынган буудайдын курамындагы белоктун көрсөткүчү жогору.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларында ун менен буудайдын кору жетиштүү. Өлкөдө ун жана дан азыктарына болгон таңкыстык жок.

Количество просмотров: 84