«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайында Россиядан Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткан 1 тонна каймак аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, «Ак-Тилек» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору текшерүү жүргүзгөндө каймактын ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Жыйынтыгында тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.