Бишкек. 24.01.2018. Govori.TV
Бүгүн, 24-январда борбор калаабыз Бишкекте Россиялык UFC мушкер Хабиб Нурмагомедов соода борборлорунун биринде миңдеген күйөрмандары менен жолугушуу өткөрүп,аны Instagram баракчасына жүктөдү.
Мында мушкер «Менде буга чейин мындай болгон эмес. Жолугушууга 10 миңге чукул киши келди. Чоң рахмат агалар, мен муну абдан баалайм,» — деп видеосунун алдына ыраазычылыгын билдирип, пикир калтырганын көрүүгө болот.
https://www.instagram.com/p/BeUrG4Clw7E/?taken-by=khabib_nurmagomedov
Белгилей кетсек, Россиялык UFC мушкер Хабиб Нурмагомедов Бишкекке кечээ, 23-январь күнү, келген.