• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Өрт чыккан машыгуучу жайды бир ай мурда премьер Абылгазиев ачкан

30 Жетинин айы 201922:11 Бишкек Govori.TV

Өрт чыккан машыгуучу жай Dasmia эс алуу борборунун фитнес-залы болуп эсептелет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазып чыкты. 

Өрт бүгүн, 30-ноябрда, саат 09.30дар чамасында чыккан. Куткаруучулар өрттү 1,5 саатта толугу менен өчүрүшкөн. Кырсыктын келип чыгуу себеби такталып жатат.

Юстиция министрлигиндеги маалыматка караганда, фитнес-борборго Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Турусбек Мамашов ээлик кылат.

Бир ай мурда фитнес-борбордун ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан. Өкмөт башчынын кызыл тасманы кесип жаткан сүрөтү интернетке тарап, коомчулуктун сынына кабылган.

Количество просмотров: 5585