Өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда болууда
Өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда болууда
16 Баш оона 2018 20:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 16.08.2018. Govori.TV
Акыркы 7 айда өрт кырсыгынан 36 адам каза болгон
Акыркы 7 айда өрт кырсыгынан 36 адам каза болгон. Бул тууралуу маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тастыктайт.
Жыл башынан бери 2 215 өрт кырсыгы катталып, андан 36 адам каза болгон.
Ал эми куткаруучулар өрттөн 43 адамды сактап калган.
ӨКМнын өкүлү Равшанбек Ашырбеков: “өрттүн негизги себептери электр жабдууларын, мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонуу, отко этиятсыздык менен мамиле кылуу, балдардын от менен ойноосу болууда”,-дейт.
Өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда болуп, саны 690го жеткен.