• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Чүйдө 7 жана 13 жаштагы бир туугандар дааратканага түшүп кетип каза болду

30 Аяк оона 20199:19 Бишкек Govori.TV


Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында эки бир тууган ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 28-сентябрь күнү болгон. Анда 13 жана 7 жашта окуучу балдар дааратканага түшүп кетишкен.

«28-сентябрь күнү Военно-Антоновка айылында турак үйлөрдүн биринен эки жаш бала ажатканага түшүп кетти деген маалымат келип түшкөн. Жерине ӨКМдан 4 куткаруучу тартылып, маркумдардын жансыз денелерин чыгарып, туугандарына өткөрүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 988