Чүй облусунун Жайыл районунда «бейбаштык» беренеси менен 17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 3-октябрда белгисиз жарандар Кара-Балта шаарында жайгашкан банктардын биринин банкоматын сындырышкан.
Бейбаштык боюнча шектелип, 17 жаштагы К.А. С.Д. жана 16 жашар У.С. М.А. аттуу жарандар кармалды. Учурда кылмышка шектүүлөрдүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жогу аныкталып, тергөө иштери жүрүп жатат,-деп айтылат маалыматта.