• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Өрт ырчы Асеманын сулуулук салонун жалгап кетти

17 Теке 201918:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.17.07.2019.Govori.TV.

Жаш Гвардия проспектиси менен Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кафе күйүп жатат. Болжол менен кафе №9 мектептин жанында КТРКнын маңдайында орун алган. Күйүп жаткан кафенин катарында жайгашкан ырчы Асемага таандык сулуулук салонуна да өрт киргени айтылууда.

Маалыматка ылайык, салондогу эмеректердин көпчүлүк бөлүгү күйүп кеткен. Ал эми ал жакта иштеген бир жигитти ооруканага алып кетишкен.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрттү өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа тартылган жана ӨКМдин куткаруучулары келген.

Жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда, өрт чыккан аймак курчалды. Жаш Гвардиянын бир тарабы жабылды.

Ушул тапта өрт өчө элек.

https://www.instagram.com/tv/B0BC8zph7FI/?utm_source=ig_web_copy_link
Количество просмотров: 33