• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өрттөн 6 машине күйүп, 2 гана сакталып калды

10 Үчтүн айы 202518:41 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Ысык-Көл облусундагы Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда бүгүн 10-январда унааларды ташып келе жаткан оор жүк ташуучу авто унаасынан (фура) чыккан өрттөн Тойота Corolla үлгүсүндөгү 5 жеңил авто унаа жана фура күйүп, DI AiDi үлгүсүндөгү 2 унаа сакталып калды.

Балыкчы шаары боюнча №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 9 өрт өчүрүүчү тартылып, өрттү өчүрүү жана кесепеттерин жоюу боюнча иш алып барышты. Куткаруучулар менен жол көзөмөлүнүн кызматкерлери да бирге болду.

Өрт кырсыгынын себептери такталууда.

Количество просмотров: 1312