• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Өрттөн жабыркаган үч кишинин абалы айтылды

19 Бештин айы 2020 20:28 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бүгүн, 19-декабрда чыккан өрттөн жабыркаган үч кишинин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, денесинен күйүк алган үч жаран Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатат.

Эске салсак, бүгүн эртең менен саат 10 жарым чамасында борбордогу Саякбай Каралаев жана Иса Ахунбаев көчөлөрү кесилишкен жерде жайгашкан имаратта өрт чыгып, 57 жаштагы жаран каза болгон. ӨКМ билдиргендей, өрт имараттагы курал-жарак саткан дүкөндөн чыккан. Милициянын маалыматына ылайык, каза болгон киши өрт чыккан дүкөндүн кызматкери. Ушул эле имараттын бир тарабында күнүмдүк керектелүүчү техникаларды оңдогон сервистик борбор да орун алган.

Өрттүн себеби иликтенүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 454