• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Өрттөнгөн «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбор пайда болот

9 Жетинин айы 202513:17 Бишкек Govori.TV

Бишкекте өрттөнгөн «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбор пайда болот. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, маданий борборду куруу боюнча эскиздик долбоор даярдалууда.

«Бул жерде шаардыктар жана борбор калаанын коноктору үчүн маданий борбор курулат. Учурда долбоор даярдалып жатат», — деди ал.

Ошондой эле мэрия «Чатыр-Көл» кинотеатры боюнча токтом долбоорун министрлер кабинетине макулдашууга жөнөткөнү маалым болду. Анын негизинде учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинотеатрды Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына өткөрүп алуу пландалууда.

Мэрия жергиликтүү бюджеттин эсебинен аталган имаратты жаңылап кайра куруу боюнча милдеттенме алып жатат.

Количество просмотров: 96