Орус валютасы туруксуздугу боюнча 32,6%га жетип, кечээ, 21-февралда дүйнөдө куну өтө бат түшүп жаткан валюталардын сап башында чыккан.
Бир ай мурда кунунун туруксуздугу 20% деп бааланган рубль туруксуздуктун деңгээли боюнча түрк лирасын басып өткөн.
Эксперттер рублдин баасынын тездик менен түшүшүн соңку геосаясий окуялардан улам болуп жатканын айтып, түшүндүрүшүүдө.
Учурда доллардын курсу 79 рубль болсо, ал эми евро 89,5 рубль деп бааланууда.