“Рух Ордо” маданий борборунун аймагында селден кийин тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомство эскерткендей, кечээ саат 21:30дар чамасында катуу жааган жамгырдан улам кайрадан сел жүргөн. Сел суулары 1 дүкөндү, 7 турак жайды жана Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборун каптаган. Бактуу-Долонотуу айылындагы турак үйдүн жер төлөсүнө да суу кирген.
Эртең менен Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажыкеевдин жетекчилигинде 46 куткаруучу «Рух Ордо» маданий борборун тазалоо иштерин баштады. Жарандык коргонуу кызматынын эки инженердик техникасы тартылган.
«Борборду тез арада тазалоо үчүн кошумча күч катары Коргоо министрлигинен 75 куткаруучу жана техника тартылышы күтүлүүдө», — деп кошумчалады ӨКМ.