• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Ысык-Көлдө сел жүрүп, унаа жолду каптады

30 Теке 202110:24 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун айрым райондорунда сел жүрүп, унаа жолду каптады. Бул тууралуу Govori.TVга окурмандар жөнөттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, бүгүн, 30-июль күнү таңкы саат 04:30 чамасында Балыкчы шаарында жана Тоң районунун Кескен-Бел ашуусунда, Кара-Тала, Оттук айылдарында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Селдин кесепетинен турак үйлөрдү суу каптап, ички чарбалык жолдор жана арыктар кум-шагылга толгон.

Азыркы учурда Балыкчы шаардык ӨК бөлүмүнөн 15 куткаруучу 2 атайын техника жана Тоң районунун ӨК бөлүмүнөн 20 куткаруучу тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.

Жабыркагандар катталган жок.

Количество просмотров: 1374