• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Рух-Ордо маданий борборун селден тазалоого 189 адам тартылды 

14 Баш оона 202411:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборун сел калдыктарынан тазалоого 189 адам тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 123ү ӨКМдин куткаруучусу. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев калыбына келтирүү иштерин жеринде көзөмөлгө алууда.

Мындан сырткары, селдин кесепеттерин жоюуга жарандык коргонуу кызматтарынан 38 адам, 2 экскаватор, 1 грейдер, жергиликтүү тургундардан 28 адам жана жеке менчик 3 хово үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа тартылган.

Белгилей кетсек, 11-12- август күндөрү нөшөрлүү жаандан улам Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарында жана Бактуу-Долоноту айылында сел жүргөн.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 163