• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Руслан Казакбаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолукту

16 Бугу 2021 11:44 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Руслан Казакбаев элчи Дональд Луну Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.

«Жолугушууда акыркы жылдардагы тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Кызматташуунун келечектүү багыттары, алдыда боло турган эки тараптуу байланыштардын графиги талкууланды. Кызматташуу жөнүндө базалык макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү оң бааланды. Тараптар регионалдык коопсуздук, ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташууну бекемдөө маселелерине да токтолушту»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле министр Казакбаев элчи Луга ак жол жана өз ара пайдалуу кыргыз-америка кызматташуусун мындан ары бекемдөө ишиндеги анын жаңы кызматына ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 89