• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Руслан Казакбаев иш сапар менен Тажикстанга барат

18 Жетинин айы 2020 11:11 Бишкек Govori.TV

19-20-ноябрь күндөрү тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация иштерине, Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын деңгээлиндеги эки тараптуу иштерге өзгөчө көңүл бурулат.

Иш сапардын алкагында Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин жана башка расмий кызмат адамдары менен жолугушат. Алдыдагы жолугушууларда Кыргызстан менен Тажикстандын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, коопсуздук тармактарындагы кызматташтык маселелерин кароо пландалууда.

Количество просмотров: 38