• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды

22 Бугу 202513:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Мукамбетов Руслан Мустафаевич мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулуп, коргоо министри болуп дайындалды.

Кечээ Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри кызматына шайлоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги каралган. Талапкер боюнча сунуштама жана маалыматты президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов берди.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында эл өкүлдөрү Руслан Мукамбетовдун талапкерлигин жактырып, коргоо министри кызматына шайлоо үчүн колдоп беришкен.

Количество просмотров: 270