• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Рысбек Жабиров «Ак калпак» күнүн белгилөө себебин айтып берди (видео)

5 Жалган куран 2018 18:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.03.18.Govori.TV
Ак калпак күнүн белгилөө эбепке-себеп болуп пайда болгон. 2010-жылы чоң жакшылыкта калпак кийип ошол учурда убактым жок болгондуктан сакалым өсүп кетиптир. Элдер мени ошондо башкача көз караш менен тынчылыкбы деп карай баштаган көрсө биз калпакты жамандыкта  эле кийип жүрөт экенбиз. Бул туурасында режиссер Рысбек Жабиров Govori.TV  сайтынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
 «Марат Ибраев деген досуп экөөбүз кийин Спорт ордосундагы иш чарада калпак кийип барып бири-бирибизди мактап калдык,ошондо кылт этип идеа келген. Атайын  бир күндү «Ак калпак күнү» деп белгилеп көчөдө,  коомдук жайларда, транспорттордо бадыгы ак калпак кийип баш кийимибиздин  улуулугун билсе деген ой келген» -дейт Жабиров.

2016-жылы Жогорку Кеңеште өкмөттүн чечими чыгып 5-март «Ак калпак жана улуттук баалуулукту белгилөө» күнү деп жарыяланган.

Количество просмотров: 106