• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Рыскелди Момбеков Нурлан Сулаймановго орден берүүнү сунуштады

13 Жалган куран 2018 11:37 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин транспорт, комуникация, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду жарга такады.

«СССР учурунда жолдор 50 жылга чыдачу. Эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдары салынган жолдор 2 жылга жетпей жатат. Айрым жолдоруңуз кар менен кошо эрип кетти. Баасы асманды чапчыйт. Бир километр асвальттын баасы, 1 километр полдун баасынан кымбат -деди эл өкүлү. 

Салынып жаткан жолдордун сапатын жакшыртыш үчүн министр тегерек -чекесин тазалаш керектигин айтты.

«Бишкек—Ош  авто жолу 10 жыл чыдады. Биз мурдагы министр Нурлан Сулаймановго сыйлык бергендин ордуна, ага кылмыш ишин козгодук»,-деди Рыскелди Момбеков. 

Количество просмотров: 23