Жекшемби күнү Сент-Джордж булуңунда сууга чөгүп 48 жаштагы кыргызстандык аял каза болду.
Аны менен кошо болгон, ошондой эле кыргызстандык 23 жаштагы аял ооруканага жаткырылды.
Полиция билдирүүсүндө окуя тууралуу саат 12:40 чамасында кабарланган. Алгачкы иликтөөлөр көрсөткөндөй, бир нече өтүп бара жаткан адамдар аялдарды суудан чыгарууга жардам беришкен.
Кийинчерээк медициналык топ жана жарандык коргоо кызматкерлери келген, аялдар ооруканага жеткирилген.
«Кийинчерээк, тилекке каршы, 48 жаштагы аялдын каза болгону аныкталды, ал эми экинчи адамдын абалы туруктуу», — деп билдирди полиция.
Полициянын тергөөсү уланууда.