Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдөр үчүн 388 977,0 миң сомдук каржылоону ишке ашырды. Төлөмдөр 96 934 балага берилген. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Министрликтин эскертмесинде, «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмдүн өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт. Ал эми бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда,“балага сүйүнчү” ар бир балага 50 000 миң сом өлчөмүндө төлөнөт. “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүнө арыз берүү үчүн Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же жарандык абал актыларын каттоо органдарына кайрылуусу талап кылынат. “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн тартып алты ай ичинде тапшырылышы керек.
Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күндун ичинде банктык эсепке түшөт. Жаран акча каражатын РСК жана Айыл банктын каалаган филиалдарынын кассасы аркылуу, арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек.
«Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алуу үчүн керектелүүчү документтер: жеке паспорт жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк. Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүүсү зарыл, себеби, акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине СМС билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт, — деп маалыматта айтылат.