• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сүлүктүдө аялдарга карата 13 зомбулук фактысы катталды

7 Бештин айы 2022 16:31 Бишкек Govori.TV

 Ушул жылдын 11 айында Сүлүктү шаарында аялдарга карата 13 зордук-зомбулук фактысы катталды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ал эми балдарга карата бир зомбулук фактысы катталып, милиция кызматкерлери тарабынан коргоо ордерлери берилип, көзөмөлгө алынган.

Облустук милициядан Сүлүктүдө учурда 16 күндүк “Зомбулуксуз жашоо” аталышында акция жүрүп жаткандыгын кошумчалашты. «Бул жолу шаардык мэриянын, билим берүү бөлүмүнүн, балдар менен иштөө комиссиясынын, социалдык коргонуу бөлүмүнүн кызматкерлери мектеп окуучулары менен чогуу жөө жүрүш жасашты», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 125