Сүлүктү шаарынын Кольцо айылынын 44 жаштагы тургуну 19-декабрда үйүнөн кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 22-декабрда билдиргендей, жекшембиде издөө иштерине куткаруучулар да тартылды. Мындан тышкары милициядан жана жергиликтүү тургундардан жалпы 15 адам катышып жатат.